Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

5-класстын окуучуларына арттан алдыга карай жана ылдыйдан жогору карай басылган китепти беришти (видео) 

Аны менен бирге, аталган китеп «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилиги тарабынан сунушталат» деп белгиленген 

Кыргызстандагы бир мектепте окуучуларга «Кыргызстандын тарыхы жана дүйнөлүк тарых» деген ылдыйдан жогору карай басылган китепти беришкен. Facebook социалдык түйүнүнө бул тууралу видео Telegram-каналдын «Короче» деген бөлүмүнөн түшкөн.

Роликтин автору 5-класстар үчүн окуу китебинин мукабасынын сүрөтүн  көрсөткөн: ал арттан алдыга карай жана ылдыйдан жогору карай басылган. 

Аны менен бирге, аталган китеп «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилиги тарабынан сунушталат» деп белгиленген.

Vesti.kg сайты бул кабарды  жарыялоонун учурунда Билим берүү жана илим министрлиги менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүгү болбоду.

Эске салсак, 4-сентябрда президент Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны өз арызына ылайык кызматынан бошоткон. 

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх