Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милициянын подполковниги Кара-Балтадагы мектептин директору болду  

Руслан Артышев билими боюнча - педагог 

Милициянын подполковниги Руслан Артышев Кара-Балтдагы №2 Улуу Жеңиштин 60 жылдыгы атындагы мектептин директору болуп калды. Аталган маалыматты  Vesti.kg сайтына Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнөн тастыкташты. 

Руслан Артышев 1964- жылы 29-майда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 

Мектепти аяктагандан кийин Пржевалскийдеги педагогикалык институттун табигый-географиялык факултетине тапшырган. институтту аяктагандан кийин, Артышев Кара-Балта шаарындагы №7 мектепке бөлүштүрүү боюнча келип, география мугалими болуп орношот. 

1986-жылы аны Советтик армиянын катарына аскердик милдетин аткарууга чакырышат. Токсонунчу жылдарда Калинин райкомкомсомолунун жолдомосу менен КР ички иштер органдарына кызмат кылууга жөнөтүшөт. Ал кызматын Кара-Балта шаардык ички иштер  бөлүмүнүн ЖЖЭМИ бөлүмүнүн инспекторлугунан баштаган. ИИБдө иштеген учурларда курамдын улуу кызматтарында кызмат кылды, 2016-жылы кызматтык жетишкендиктери боюнча отставкага чыгып, кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды, андан соң Макаренко атындагы №10 мектепте иштейт, андан кийин №2 мектептин директору болот.  

2010-жылы шаардын социалдык -экономикалык жана коомдук-маданий  турмушуна кошкон жигерлүү салымы үчүн жана Кара-Балта шаарынын 35 жылдык юбилейине карата «Кара-Балта шаарынын ардактуу тургуну» болгон.

Медина Купсулдаева 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх