Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте атайын пластик үчүн таштанды челектер орнотулууда (фото)

Чогултулган пластик бөтөлкөлөрдү түн ичинде долбоордун уюштуруучулары өздөрү алып чыгып турат

Бишкек мэриясы жаш ишкерлер менен биргеликте «Пластиксиз Бишкек» долбоорунун алкагында пластик чогултуу үчүн атайын урналарды орнотууну баштады.
Бийиктиги эки метрден ашкан, миңдей пластик бөтөлкөлөр батчу эки мындай таштанды челек Түштүк магистралдагы жаңы паркка вице-мэр Рыспек Сарпашевдин сунушу менен орнотулду.
Урналар чоң бөтөлкөнүн формасындагы инсталляция түрүндө жасалган. Челектин түпкүчү таянычты камсыздап тургандыктан, ал көп деле аянтты ээлебейт. Мындай конструкцияны жасоого көп каражаттын кереги жок, пластикти кайра иштетүү максаты менен чогултууга абдан ыңгайлуу.
Чогулган пластик бөтөлкөлөрдү долбоордун уюштуруучулары өздөрү түнкү 12 ден таңкы 5ке чейин жергиликтүү цехтерге кайра иштетүүгө өткөрүп турушат.

Азыркы күнгө чейин жаш ишкерлер демөөрчүлөр менен дагы 60 урнаны жасоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаат. Белгилей кетсек, бир урнаны жасоого 7 миң сом сарпталат.

Бишкек шаарынан мэриясы таштанды менен күрөшүүгө кайдыгер карабаган бардык жарандарга терең ыраазычылыгын билдирет!

Урматтуу бишкек шаарынын тургундары жана коноктору! Сураныч! Таштандыларды урнага ыргытып, сүйүктүү шаарыбызга аяр мамиле кылсаңыздар!

Бишкек мэриясы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх