Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мектеп окуучулары жол акыдан бошотула турган болсо, Бишкектин бюджетине оорчулук түшөт»

 Борбор калаанын мурдагы вице-мэри депутат Эльвира Сурабалдиеванын сунушу боюнча өз пикирин билдирди

Мектеп окуучулары коомдук транспортто акысыз жүрө турган болсо, шаардык бюджетке оорчулук түшүп калат. ЖКнын депутаты Эльвира Сурабалдиеванын сунушу боюнча мындай пикирин Vesti.kg сайтына Бишкектин мурдагы вице-мэри Геннадий Милицкий билдирди.

- Балким, чын эле муну кылыш керек - ар кандай жеңилдиктерге ээ адамдар менен балдарды коомдук транспортто бекер ташуу зарыл , - деди ал. Бирок, муниципалитет муну көтөрө алабы? Анткени, мында оорчулук шаардык бюджетке түшүп калат да. Автопарктар, автобус жана троллейбустук муниципалдык ишканалар эч кандай салыктан бошотулган эмес. Кызматчыларга эмгек маяналарын төлөш керек, керек-жарактарды сатып алыш керек. Бул чыгымдардын бардыгы - КМШда болобу, батыш өлкөлөрдө болобу муниципалитет жабат.

Муну менен бирге, Милицкийдин пикири боюнча муниципалдык жол ишканалардын кызматчылары кандай айлык маяна алышаарын эсепке алуу зарыл.

- Бизде жол акысы минималдык экенин эске алганда, балким муну аткарса болоттур, - деп сөзүн улантты экс-вице-мэр. - Ошондой эле, адамдар кандай айлык аларын, өзгөчө көп балалуу үй-бүлөлөрдөн болгондордукун талдап чыгыш керек. Кандай болбосун булардын ордун ташуу менен алектенген ишканаларга толуктап берүү шарт.

Тактай кетсек, кечээ өкмөттүн жыйынында ЖКнын депутаты Эльвира Сурабалдиева мектеп окуучуларын жол акы төлөөдөн бошотууну сунуштаган. Эл өкүлү өнүккөн мамлекеттерде мектеп окуучуларын транспорт маселеси эчак чечилгенин белгилеген.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх