Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги «гүл челектер» уурдала баштады (сүрөт)

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык башкармалыгы бир гана челектин жоголгонун айтышууда

Бишкекте ШКУнун саммитине карата май айында орнотулган «гүл челектер» уурдала баштады.

Челектердин жоголгонун байкаган Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Twitter социалдык тармагына сүрөт жарыялаган.

Vesti.kg сайты «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык башкармалыгына бул боюнча кайрылып, алар бир гана челектин жоголгонун маалымдашты.

- Белгисиз адамдар бир челекти уурдам кетишкен, биз анын ордуна башкасын коебуз, - дешти алар.

Эске салсак, «гүл челектер» шаардын 8 көчөсүндө орнотулган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх