Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги Чүй облустук төрөтканада жерде жаткан аялдар боюнча түшүндүрмө берди

КРнын башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева аялдар бир нече саатка гана керебетсиз жатышканын айтып ишендирди

Чүй облустук төрөтканасында аялдар башка бейтаптар чыгарылгыча эки саатка гана жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КРнын башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева интернетте жарыяланган боюнча сүрөттөр туурасында жооп берип жатып билдирди.

Асылбашева төрөтканада № 4-перинаталдык борбордун ремонт иштерине байланыштуу орундар жетишсиз болуп жаткандыгын тастыктады.

- Бул мекемелерде оңдоп-түзөө иштери Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык жүргүзүлөт, - деп түшүндүрдү ал. Ошондой эле, белгилей кетчү нерсе Чүй облустук төрөтканасы - эң ирилердин катарына кирет, анда 11 бейтапкананын аймактары тейленет. Бирок, буга карабастан нөөмөт тартибине ылайык, Улуттук эне борбору менен № 2 роддомго эң көп күч келет. Күн сайын ар бир мекеме 20-30 төрөт кабыл алышат.

Асылбашева Бишкектин № 4 перинаталдык борборундагы ремонт иштери ушул жылдын 28-сентябрында аягына чыгаарын белгиледи.

- Оңдоп-түзөө иштери 18-августта башталган , - деп тактады ал. -23-сентябрда Чүй облустук төрөтканасы акыркы нөөмөтүн аткарат. Төрөтканада чынында эле киши көп,бирок, бул аялдар кечке жерде жатат дегенди түшүндүрбөйт. Башка аялдар чыгарылгыча 2-3 саат гана күтүп калып жатышат. Муну эл туура түшүнөт деп ишенем, анткени, ремонт кылынбаса, тийиштүү шарттарды түзүп берүү мүмкүн болбой калат да.

Сөзүнүн жыйынтыгында өлкөнүн башкы акушер-гинекологу Кыргызстанда төрөтканаларды блоктоп ремонт кылуу мүмкүн эместигин кошумчалады. Ага себеп - борбордук электроэнергия, канализация жана суу берүү системасы.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх