Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сүймөнкүл Чокморовдун жаңы эстелиги көркөм кеңештин купулуна толду (видео)

 Эксперттер эл артисти эми өзүнө окшошконун белгилешти

Бишкекте КРнын эл сүрөтчүсү Абдрай Осмоновдун жетекчилиги астында жана маданият министри Азамат Жамангуловдун катышуусу менен «Сүймөнкүл Чокморов» фондунун кезектеги көркөм кеңеши болуп өттү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына фонддон билдиришти.

Кеңеш Бишкектин борборунда учурда орнотулуп турган айкелдин ордуна коюла турган көчүрмөсү менен таанышып чыкты.

«Сүрөтчү өз тапшырмасын толук аткарыптыр, - деди КРнын эл сүрөтчүсү Таалай Курманов. - Биз катар жолуп келип кеткенбиз, байкоолорубузду дагы айтып жаттык, автор мунун бардыгын эске алып жатты. Сүрөтчү Чокморовду бул ирет чагылдыра алды, ал эми өзүнө окшошту. Бул айкелди кабыл алсак болот деп ойлоп турам».


Эске салсак, кыргыз эл артисти жана сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун айкели Бишкекте 2017-жылы орнотулган. Бирок, коомчулукка ал жакпай, көпчүлүк Чокморов өзүнө өзү окшошпой калганын белгилешкен.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх