Теңирчилер Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия бийликти дискредитация кылып жатат деп эсептейт
Мамкомиссия өз иретинде, теңирчилер бир эле маалыматты ар кандай шылтоолор менен улам бере беришерин белгиледи
Теңирчилик уюмунун өкүлдөрү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия бийликти дискредитация кылууда деп эсептейт. Мекеменин так эмне айыбы бар экенин «Манас Ордо» коомунун төрагасы Анарбек Усупбаев менен «Теңирчилик» диний уюмунун башчысы Асрланбек Малиев бүгүнкү пресс-конференцияда ачыкташмакчы.
Ал ортодо Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысынын орун басары Закир Чотаев Vesti.kg сайтына теңирчилер дайыма алардын диний ишенимин каттоо талабы менен кайрылып келишкенин белгиледи.
- Алардын көп жылдан бери сураганы ошол эле - алардын ишенимин дин деп кабыл алынуусун каалашат, - деп тактады ал. Бул жарандар түрлүү пресс-конференцияларды уюштуруп, бир эле маалыматты ар кандай шылтоо менен бере беришет.
Фото www