Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Спорт сарайындагы жаңы отургучтар бишкектиктендин сынына кабылды

Шаардыктарга отургучтардын жабууларынын дизайны, агрессивдүү жарнамасы жакпай калган. Петицияга кол чогултууга даярлар да бар

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында канча жылдан бери алгачкы жолу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Концерттик залдагы отургучтардын жабуулары алмаштырылып, бирок, алар айрым шаар жашоочуларынын сынына кабылды.

Тактай кетсек, «оңдоп-түзөө» иштери курулуш компаниясы тарабынан каржыланып, мекеме отургучтардын жабууларына өз логотиби менен байланыш маалыматтарын түшүрүп койгон.

Vesti.kg бул боюнча пикир алуу үчүн Спорт сарайынын директорунун орун басары Самат Токтоналиевге кайрылып, «жаңы» отургучтардын дизайнын ким бекиткенин тактоого аракет кылды.

«Ким бизге бекер кылып берет эле анан?», - деп ал бизге жооп кайтарып, кийин телефон аркылуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал ортодо жарандык активист Айбек Баратов концерттик залдын мындай реставрациясына каршы петицияга кол чогултууну сунуштады.

Башка активист Никита Тарасенко, өз кезегинде Спорт сарайы кантип мындай түрдөгү жардамды алууга макул болду деген оюн ортого салды.

Социалдык тармактардын жигердүү колдонуучусу Умай Арыкова курулуш компаниясынын демөөрчүлүгүн агрессивдүү жана маанисиз жарнама катары баалады.

Эске салсак, Спорт сарайынын мышык ыйларлык абалы туурасында 2019-жылдын апрель айында ал жерде орусиялык репер Бастанын концертинен кийин кызуу талкууга алып башташкан.

Ырчынын гитаристи залдын сүрөтүн жарыялап, «Өткөнгө кайтуу» деп жазып койгон.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх