Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстанда кыргызстандык номерлүү автоунааларга тыюуга каршы нааразычылык акциялары өтүүдө

Айдоочулар бийлик алардын акыркы илинчегин тартып алганына нааразы

Казакстандын алты шаарында Кыргызстан жана Армениянын номерлери менен автоунааларды колдонууга тыюу салынганына каршы нааразычылык акциялары жүрүп жатканын Vesti.kg сайтынын кабарчысы маалымдады.
Басымдуу көпчүлүгү жеке ташуу менен алектенген айдоочулардын айтымында алар эми нан таап жеген жалгыз кирешелеринен айрылмай болушууда..

«Биз ушул унаалардын аркасы менен нан таап жэйбиз. Биз жыргаганыбыздан Кыргызстан менен Армениядан келген унааларды айдап жүргөн жокпуз. Бизде башка унаа алганга акча жок. Биз мамлекеттен эч нерсе сураган жокпуз», - дешүүүдө акциянын катышуучулары.

Нааразычылык акциясына келгендер бийликтен чет өлкөгө таандык номерлүү унааларды каттоого алууну талап кылышууда. Алар Бажы союзунда Казакстандан барган транспорт каражаттары эч кандай тоскоолдуксуз эле Армения, Россия жана Кыргызстанда каттоого алынарын айтышууда.

«Эмнеге бизде, Казакстанда деле Бажы союзунан келген транспорт каражаттарын каттоого алуу мүмкүн эмес?», - деп айдоочулар суроо салышууда.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан жана Армениянын номерлери бар автоунаалардын ээлери унааларын кайра каттоодон өткөрүп же болбосо 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттүү. Мындай эреже россиялык жана белоруссиялык номерлүү унааларга карата колдонулбайт.

«Кыргызстан менен Арменияда 2020-жылга чейин бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдетилген шарттар иштеп келген. Башкача айтканда, ЕАЭБнин башка мүчөлөрүнө (Россия, Беларуссия жана Казакстан) караганда алда канча ылдый эле», -деп буга чейин билдирген Казакстандын ички иштер боюнча вице-министри Марат Кожаев. 

ИИМнин маалыматына ылайык, Казакстанда учурда кыргыз жана армян номерлүү автоунаалардын саны - 170 миңге жакын. Чет мамлекеттерден алынып келинген унааларды ээлеринин аларды кайра каттоодон өткөргүлөрү келбегенин алар каттоо жол-жоболорунун кымбаттыгы менен түшүндүрүшөт. Бажы төлөмдөрүнөн сырткары казакстандыктар утилизация жыйымдарын да төлөөгө милдеттүү, ал эми анын баасы адатта унаанын наркы менен барабар.

«2019-жылы 2, 5 миллионго (6 630 долллар) автоунаа айдап келгем. Бүгүнкү күндө казакстандык каттоого тургуза турган болсом, үстүнө дагы 2, 5 миллион тенге төлөшүм керек. Эмнеге биздин өлкө элине каршы иштейт? Каттоо төлөмдөрүн эмнеге жеңилдетип койбойт?», — деди журналисттерге Актөбөдөгү митингдин катышуучусу Нурсултан Утегенов.

Утилизация жыйымдары - Казакстанда автоунааны сатууда алынган төлөм. Казакстандын өкмөтү калдыктарды утилизация кылуу системасын өнүктүрүүгө колдонулушу керек болгон бул төлөмдү чогултуу боюнча жалгыз укукту ТОО «Оператор РОП» жеке ишканасына ыйгарган. Ошол эле маалда айлана-чөйрөнү коргоо - бул мамлекетке тиешелүү милдет жана маселе.

Казакстандык ММКлардын маалыматтарына ылайык, жеке ишкана бул төлөмдүн аркасы менен жылына 400 млн доллар табат. .

Айнур Коскина
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх