Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кырк чоронун» лидери Замирбек Көчөрбаев жол кырсыгы боюнча жоокерчиликтен качып жүрөбү?

 Жабырлануучунун айтымында Көчөрбаев мас абалында унаа башкарып баратып, бирок, кийин рулда тууганы отурганын айтып койгон. Көчөрбаев бул маалыматты четке кагууда

«Кырк чоро» коомдук кыймылынын лидери Замирбек Көчөрбаев жол кырсыгын жаратып, жоопкерчиликтен качып жүрөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жабырлануучу Эркегуль Калыкова билдирди.

- 2016-жылы Көчөрбаев мас абалында айдап бара жаткан унаасы менен каршы тилкеге чыгып кетип, эки унааны сүзгөн, - деп окуяны эске салды Калыкова. - Менин унаам жараксыз абалга келди, кайра оңдолбойт экен, экинчи унааны ал болгону чийип кеткен. Ошол маалда биз аман калганыбызга сүйүнүп, Замир рулга жаш баланы - кайниси Конушбаевди отургузуп койгонуна көңүл деле бурбаптырбыз.

Калыкова ошондой эле сот авариянын күнөөкөрлөрүнө жабырлануучу тарапка 650 миң сом төлөп берүүнү милдеттендиргенин айтып берди.

- Мен кылмыш, жарандык сотто дагы жеңип чыктым, - деп тактады ал. Конушбаев ага чейин сот жоопкерчилигине тартылган эмес, ошондуктан, ал шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Ал ошондой эле материалдык зыянды өндүрүп берүүгө милдеттендирилген. Жоопкер Саткынбаева болчу, анткени, унаа анын атына катталган экен.

Аялдын айтымында Көчөрбаев материалдык зыянды төлөп бермек тургай, Саткынбаеваны алдамчылыкка дагы айыптаган.

- Көчөрбаев бир дагы соттук жыйынга келген жок, - деп сөзүн улантты Калыкова. - Экөөбүздүн ортобузда сүйлөшүү дагы болгон. Ал мага: «Ит, дагы канча соттошкуңар бар?» деп бир тийди. Көрсө, Замир Тойота Ленд Крузер унаасын Саткынбаевадан сатканга көмөктөшмөкчү болуп алган экен. Биз соттошуп жүргөн маалда Көчөрбаев алдамчылык жолу менен бул жолтандабасты Айтбаев деген адамдын атына кайра каттатып алат. Саткынбаевага акчанын бир бөлүгүн берип, кийинчерээк калган сумманы берүүнү убадалайт. Саткынбаева кары адам. Ооруп да жүрөт. Акчаны толук ала албай койгондон кийин ал сотко келишимди жараксыз деп табууну суранып, сотко кайрылат. Доо 2019-жылы эле канааттандырылган. Эми Замир аны алдамчылыкка айыптап сотко бериптир.

Биринчи соттук отурум эртең Бишкек шаардык сотунда өтөт.

- Биринчи инстанция болгон эмес, - деп белгиледи Калыкова. - Буга чейин сот тарабынан унаа Саткынбаевага таандык экени аныктаган. Бардык мыйзамдарды бузуу орун алып жатат. Көчөрбаев - автоунаага эч тиешеси жок, бирок, арыз менен кайрылган үчүнчү жак.
Vesti.kg сайты «Кырк чоронун»т лидери Замирбек Көчөрбаевге дагы бул маселе боюнча кайрылды. Анын айтымында анда Ленд Крузер ага тишелүү экенин жана жол кырсыгы катталган күнү ал рулда отурбаганын далилдеген документтер бар.

- Жол кырсыгына болгон күнү унаада «Кырк чоронун» жети мүчөсү отурган, - деди Көчөрбаев. - Биз Ысык-Көлгө бир долбоор боюнча барганбыз. Бишкекке кайра жол тартып, мен Токмок шаарында калып калгам. Рулда кайним отурган. Унаа тайгаланып каршы тилкедегилер менен сүзүшкөнүн мага айтып беришти. Аркада тез ылдамдыкта Калыковдордун автоуунасы келаткан экен. Балдар жол кырсыгына кабылгандан кийин мага чалышты. Мен баргыча кайнимди Канттагы наркологияга алып барып, мас абалында болгону жөнүндө корутунду чыгара калышыптыр. Чынында ал ичкен эмес, негизи эле бизде эч ким спирт ичимдиктерин ичпейт. Мен аны Бишкекке алып келип, наркологияга кан тапшырттым, анализ ал соо экенин далилдеди.

Көчөрбаев эртең ал Саткынбаева менен өмүрүндө экинчи жолу сотто кезигерин кошумчалады.

- Мен унааны 2013-жылы эле сатып алгам, ал маалда айып пулдар боюнча мыйзам жок эле, келишим кагазы менен эле айдап жүргөм. - Мен аны сатып албаган болсом, эмнеге ушунча жылдан бери издебей жүрүштү билбейм. Менде ушунча жылдан бери бул унаа үчүн айып пулдарды төлөп жүргөнүм тууралуу ГАИДен кагаздар бар. Саткынбаеваны мен өмүрүмдө бир эле жолу - машинаны сатып алганда көргөм, эртең экинчи жолу көрөм.

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх