Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облустук ооруканасында нөөмөттөгү дарыгер ар бир кабыл алууга 200 сомдон алып жүргөнбү?

 Дарыгерге кайрылган кыз анын аракеттери мыйзамсыз экенин айтып, акчасын кайтарып алган

Чүй облустук ооруканасында нөөмөттөгү дарыгер бейтаптардан мыйзамсыз акча алып жүргөнүн Vesti.kg сайтына окурманыбыз Михрибанум Асымова билдирди.

Анын айтымында дарыгер эки жылдан бери ар бир кабыл алууга андан 200 сомдон алып келет.

- Акыркы жолу мен облустук ооруканага апамды алып баргам, анын кан басымы көтөрүлүп кеткен, - деп түшүндүрдү ал. - 11-март болчу. Биз кайра эле врач Кадыралиевага туш болдук. Эки саат күттүк. Бул маалда апама ЭКГ жасашып, кабинеттеги медайым ал үчүн 200 сом төлөттү. Мен билбегеним үчүн бул акчаны берип койдум. Бирок, кийин маалыматтык агенттиктердин биринен бул мыйзамсыз экенин жана эгерде камсыздандыруу бар болсо, анын үстүнө пенсионерге анализдер менен кароо бекер өтүшү керектигин окудум.

Асымова дарыгерден анын аракеттеринин мыйзамдуулугун тактап сураганына кошумчалады.

- Ал бардыгы мыйзамдуу экенин айтты, бирок, мен ага макаланы көрсөткөндө акчаны кайра кайтарып берди, - деди окурман. - Акчаны берип жатып, жанындагы кызматкерге «карачы, мобул сары тигил-бул мыйзамсыз деп, акчаны кайра кайтартып жата» деп кыргызча сүйлөдү. Мен кыргыз эмесмин, бирок, ушул жерде төрөлүп-өскөм жана кыргызча түшүнөм.

Мындан сырткары, Михрибанум Асымованын айтымында аталган дарыгерге кезекте тургандар адамдар дайыма кабыл алууга акча төлөшөрүн тастыкташкан.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх