Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды. Өлкө боюнча ооругандардын саны 107ге жетти

Ооруну жуктургандардын арасында көлдүктөр да бар

Кыргызстанда коронавирустук инфекцияны жугузган дагы 13 адам аныкталды.
Илдетти жаңы жуктургандардын арасында Ысык-Көл облусунун эки тургуну бар.

Белгилүү болгондой, коронавирус аныкталгандардын арасынан бир бейтап Бишкекте, үчөө Нарын облусунда, бирөө Чүй облусунда, бешөө Ош облусунда жана Жалал-Абад облусунда бирөө бар.

Акыркы эки күндүн ичинде оорууга чалдыккан 23 адамдын ичинен төртөө гана чет өлкөлөрдөн келген, калганы өлкө ичинен жугузуп алган.

Өлкө боюнча ооругандардын жалпы саны 107ге жетти, алардын ичинен 58и аял, 49у эркек, 15 жаш бала (экөө бир жашка чыга элек наристелер) жана 31 - жашы улгайган адамдар.

Үч бейтап кайра жандандыруу бөлүмдөрдө. Экөөнүн абалы орто оор деп бааланып, бир бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратында.

Фото www

Биздин Telegram каналыбызга кошулуп, эң орчундуу маалыматтарды окуңуздар!

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх