Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Күч түзүмдөрүнүн 12 кызматкери коронавирус жуктуруп алды

Тартип коргоочулардын бири кайра жандандыруу бөлүмүндө

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингдин жүрүшүндө күч түзүмдөрүнүн 12 кызматкери коронавирустук инфекция жуктуруп алганын маалымдады.

Алардын бири кайра жандандыруу бөлүмүндө, - деди ал. Иликтөө учурунда контакт болушу мүмкүндүгү аныкталган. Тартип коргоочулар кызмат учурунда ар кандай адамдар менен, анын ичинде коронавируска чалдыккандар менен дагы жолугушкан.

Министрдин орун басары жеке коргонуу каражаттары кадимки баасынан жогору баада сатып алынып жатканы жөнүндө суроого жооп берди.

- Ар кандай сунуштар түшүшү мүмкүн, - деп белгиледи ал. - Маселе баасы менен сапатында. Ар кандай баадагылар түшүп жатат.

Нурболот Үсөнбаев эмнеге Бишкекте акыркы күндөрү илдетке чалдыккандардын саны кескин көбөйүп жатканын түшүндүрдү.

- Мунун себеби - Бишкекте абдан көп обсервациялар бар, - деди ал. - Бул жакта контактта болгондор көп.

Ал республика боюнча коронавируска чалдыккан медициналык кызматкерлердин саны 157 экенин эске салды.

Өлкөнүн түштүгүндө эмгектенген дарыгерлердин кандайча вирус жуктуруп алганын иликтөөгө байланышкан суроого министрдин орун басары бул максатта кеткен бригада бүгүн түн ичинде Бишкекке кайтып келгенин айтты. Бүгүн алар алдын ала тыянактарын беришип, алардын жыйынтыгы менен Саламаттыкты сактоо министрлиги сунуштарын чыгарат.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх