Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда карантиндик чектөөлөр кайрадан киргизилиши мүмкүн

Саламаттыкты сактоо министрлиги эпидемиологиялык абалдын курчуп жатканын белгиледи

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун жайылышы боюнча абал дагы оорлошо турган болсо карантиндик чектөөлөр кайра киргизилиши мүмкүн экенин белгиледи. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

«Биз топ адамдар болуп, илдетти жуктуруп алган учурларды каттап жатабыз, - деп белгиледи ал. -Азыр элдер транспортто, жумушта ошондой эле башка адамдар көп чогулган жерлерде бири-бири менен байланышта болуп жатышат, ал эми инфекция калк арасында тарап жатат. Биз бардыгыңыздарды коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз,

болбосо кайрадан катуу чектөөлөрдү киргизүүгө туура келет. Азыр биз эпидемиологиялык абалдын курчуп жатканын байкоодобуз.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg акыркы суткада COVID-19 дагы 87 адамдан аныкталганын жазган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх