Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда COVID-19 жуккан дагы бир адам каза болду

Маркум ооруканага өтө оор абалында кайрылган

Кыргызстанда COVID-19 жуккан дагы бир адам каза болду. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Акыркы суткада, тилекке каршы коронавирус жуктурган дагы бир адам көз жумду, - деди ал. - 1947-жылы туулган эркек киши ооруканага өтө оор абалда түшкөн. Эки тараптуу пневмония, курч мүнөздөгү дем алуу жетишсиздиги катталган. Ал ооруканага абдан кеч кайрылган.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 31 адам каза болду.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх