Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

30-июнга карата Кыргызсанда СOVID-19 жуктурган жаңы 279 учур катталды

Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандардан өз алдынча ооруканаларга жетүүнү жана дары-дармектерди сатып албоону суранды

Акыркы суткада коронавирус 279 адамдан аныкталды . Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандардан өз алдынча ооруканаларга жетүүнү жана дары-дармектерди сатып албоого чакырды

 Алардын ичинен Бишкекте -182, Чүй облусунда -36, Ошто -1, Ош облусунда -1, Нарын облусунда -10, Жалал-Абад облусунда -7, Ысык-Көл облусунда -18, Талас облусунда -15, Баткен облусунда -9.

Жалпысынан республика боюнча коронавирус башынан бери 5296 адамдан аныкталды.

- Өлкөдө абал оор, өзгөчө акыркы 10 күндүн ичинде абдан курчуп кетти, - деп белгиледи Каратаев. - Биз ооруканалар менен госпиталдарда кошумча керебеттерди жайгаштырып жатабыз. Орундар бар. Оор түр менен жабыркагандардын бардыгы Улуттук госпиталга, ал эми орточо оордуктагы пневмонияга чалдыккандар Шаардык клиникалык ооруканага жакырылатС.

Министрдин орун басары акыркы күндөрү Бишкекте тез жардам кызматынын 33 бригадасы кызмат кылганын, ал эми бир сутка ичинде 4 миңден ашык чалуу түшкөнүн кошумчалады.

- Дарыгерлер да ооруп жатышат, ошондуктан бригадалар азайып калды, - деп тактады ал. Мен жарандардан суранат элем: эгерде жеке унааңар болсо, тез жардамды күтпөй өз алдыңарча ооруканаларга жеткенге аракет кылгыла. Клиникалык белгилериңер бар болсо, силерди ооруканалар алууга милдеттүү. Эгерде оору белгисиз өтүп жатса, анда стационардык дарылануунун кажети жок.

Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары жарандарды дарыканалардан дары-дармек сатып албоого чакырды .

- Медикаменттердин запасы бар, муну бардык ири ташуучу компаниялар ырастап жатат, - деди ал. Премьер антимонополиялык комитетке дарыканалардын бааларды көтөрүп жибербешин көзөмөлдөөнү тапшырды.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх