Бүгүн 6-июлда Бишкек шаарына Кыргызстандын 963 жараны 20 автобус менен РФ келди.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарындагы кыргыз жарандарын алып кетүү үчүн Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик коридор түзүү жөнүндө макулдашуу жетишилген.
Россиядан кыргызстандыктарды кайтарууга өкмөт тарабынан берилген автобустар менен 2 партия жүргүзүлөт. Учурда 533 жаран менен 12 автобустун экинчи партиясы Казакстандын жол кыймылы кызматынын кызматкерлеринин коштоосунда кыргыз-казак чек арасына келе жатат.
«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргызстандын жарандарын россия-казак мамлекеттик чек арасы ачылганга чейин жүрбөөгө чакырат. Россия-казак мамлекеттик чек арасынын пункттарында узун кезек болуп кетишине жол бербөө максатында Москва, Новосибирск жана Екатеринбургдан туруктуу каттап жаткан чартердик каттамдардын саны кыйла көбөйдү», - деп айтылат маалыматта.
Фото www