Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бир күндүн ичинде 118 колл-борборуна 7 миңдей кайрылуу келип түштү

Пандемия учурунда өзүн өзү диагноздоо 118 кызматы шаар тургундарын колдоону улантууда

6-июль күнү бизге 6 миң 687 кайрылуу келип түштү, анын ичинен 317 Covid-19га шектенгендер.

Медкеңеш үчүн көбүнчө Бишкек шаарынын тургундарынан 4 миң 316 чалуу болгон.

Эскерте кетсек, 118 колл-борбору шаар тургундарына алгачкы медициналык кеңеш беришет. Бул борбордо күнү-түнү 40тан оператор чалууларды кабыл алып, клиникалык ординаторлор, өз каалоосу менен келген медиктер кеңештерин берүүдө. Бардык операторлор КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритми боюнча толук окуулардан өткөн.

«118 өзүн-өзү диагноздоо линиясы» КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги, «Сорос-Кыргызстан» фонду жана шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы менен биргеликте ишке ашырылууда.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!

Бишкек Мэриясы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх