Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Бишкек-Минск” авиакаттамы аркылуу Кыргызстандын 182 жараны өз мекенине кайтты

Бул келген чартердик каттам  менен Беларусия, Украина, Австрия , Германия, Литвия, Латвия , Украина, Венгрия жана башка европанын аймагында окуган студенттер уйлөрүнө кайтып келишкен

Бүгүн “Минск -Бишкек” авиакаттамы аркылуу, «Avia Traffic Company» авиакомпаниянын самолёту Беларусия, Украина, Австрия, Венгрия, Германия, Литвия, Латвия малектеринен 182 Кыргызстандын жараны менен келип аэропортко конду.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин катчысы билдирди.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси алдынала Европа өлкөлөрүндөгү Кыргызстандын элчилигинде каралган.
Чартердик каттам президенттин жанан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн тапшырмасынын алдында иш жүргүзүлдү.Бул иш чара пандемиянын кесепетинен мамлекет аралык чек аралардын жабылганына байланыштуу, чет жактарда калган кыргыз жарандарынын өз өлкөсүнө кайтып келиши үчүн уюштурулду.
Чет жактардан өз өлкөлөрүнө келе албай жаткан КР жарандары үчүн мындай иш чаралар дагы улантыла бермекчи.

КР ТИМ басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх