Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талас облусунун башчысы :Таласка кирген чыккан каттамдар токтотулду

Марат Мураталиев таласка каттамдар убактылуу эки жумага токтотула турганын айтты. Тартипти бузгандар айып пул төлөшөт“

Талас облусуна кирген чыккан катттамдар убактылуу эки жумага токтотулат. Себеби COVID-19 жуктурган адамдардын саны өсүп бара жатат”-деп билдирди Vesti.kg
өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев.

- “Талас облусунун кире беришиндеги Талды - Булак айылына орнотулган пост жабылды. Андан тышкары ойноочу футбол талаалары да жабылды, балдар ойношуп тердешип пневмонияга кабылып жатышат. Мал базары да жабылды, ал жакта мал саткан адамдар маскасыз жүрүшөт.Кыскасы Бишкек -Талас каттамын жабылды эч ким кирип чыкпайт,бир гана Талас облусуна жашагандар кире алышат”- дейт Марат Мураталиев.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх