Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл облусунда күндүзгү стационарларда иштегенге дарыгерлер жетишсиз болууда

Ысык-Көл районунун акими аймакка жардам берүүнү суранды

Ысык-Көл районунун акими Данияр Иманалиев күндүзгү стационарларда дарыгерлер жетишсиз болуп жатканын Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Анын айтымында Ысык-Көл районунун ооруканасында, санаторийде жана Ананьево айылындагы күндүзгү стационарда 491 орундуу күндүзгү стационарлар ачылган. Бирок, дарыгерлер өтө жетишсиз болууда.

- Биз жардам сурайбыз, - деп жазган райондун акими Фейсбукка. - Райондун жашоочулары дарыгерлерди, акыркы курстун студенттерин жана ыктыярчыларды биздин стационарларда күтөт. Тамак-ашы, жашап-турганы бекер болот, эмгек акы төлөнөт.

Ысык-Көл районуна жардам берүүнү каалагандар 0(705) 863399 телефонуна байланышса болот (Таалай).

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх