Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ тарабынан Россиядан кыргыз кыздарын коркуткан жигиттин өздүгү такталды

Кыргыз кыздарын коркуткан жаран менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

КРнын ИИМдин РФ өкүлү Россияда башка улуттар менен жүргөн кыргыз кыздарын коркуткан жарандын өздүгүн тактады .Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кыздарды коркуткан жаран Чүй обласына караштуу , Б.Б. 1996-ж жылы туулган А.А. экендиги аныкталган
Ал жаран ИИМдин РФ өкүлчүлүгүнө чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн
Ошол эле учурда ИИМдин РФ өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен 22-июлда КРнын РФ посольствосунун имаратында кыргыз диаспорасынын активистеринин башчыларынын жыйналышы болуп өттү. Ал жыйналышта улуттар аралык жаңжалды интернет түйүндөрү аркылуу күчөтүп жаткан адамдардын туура эмес кылык жоруктары талкууланды.
Эске сала кетсек 22 июлда 2020-жылы социалдык тармактарда белгисиз кыргыз жараны, Россияда башка улуттар менен жолуккан кыргыз кыздарын жаман сөздөр менен коркуткан видео тараган.
Бир нече күн мурда эле Екатеринбург шаарында Кыргызстан менен Таджикистандын жарандары арасында эки топко бөлүнгөн мушташ болгон .Бул окуядан кийин интернет тармагында эки улутту козуткан туура эмес маалыматтар тарай баштаган.
Азыркы учура КР нын ИИМ РФ өкүлчүлүгү бул тууралуу маалыматты тактап иш жүргүзүп жатат.

КР ИИМ маалымат кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх