Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы кышкыга кандай даярдык көрүп жатышат

Коммуналдык кызматтар 2020-2021-жылдарга жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүп жатышат

Шаар тургундарынын үйлөрүн үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу үчүн «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы оңдоо-профилактикалык иштерин жүргүзүүдө.

Учурда көмөкчү шаймандарды, насосторду, желдеткичтерди, көзөмөлдөп өлчөгөн шаймандарды, электр бөлүктөрүн ирээтке келтирип жатабыз.

Ошол эле учурда буу казандардын имараттарында косметикалык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

22-июлга карата 30 буу казаны даяр болуп, 1 миң 434 метр жылуулук түйүнү оңдолду.

Эскерте кетсек, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 624 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо объектисин, 40 жалпы билим берүү мекемесин, 14 бала бакчаны, 8 ЖОЖ, 26 башка бюджеттик мекемени жана 193 башка кардарларды камтыйт.

Урматтуу шаардыктар! «Бишкекжылуулукэнерго» КИнын байланыш номерлери:

Абоненттик бөлүм: 212847;

Эсеп бөлүмү: 212845;

Жылуулук энергиясын жана ысык суунун көрсөтмөсүн каттоо бөлүмү: 492535, 212804.

Үйдө болуңуздар! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды оорудан сактаңыздар! Вирус бар жана ал абдан коркунучтуу…

Бишкек-сүйүктүү шаарым!

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх