Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекке кыргызстандын 142 жараны ар кайсы өлкөдөн учуп келишти

Алар АКШ, Иордания, Сингапур , Сауд Аравиясынан, Германия, Корея, Камбоджа, Пакистан, Бахрейн жана Малдавия өлкөлөрүнөн келишкен

Дубай Бишкек каттамы боюнча «Fly Dubai» авиакомпаниянын рейси менен 142 адам өз мекенине кайтышкан . Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
 Бириккен Араб Эмирлигиндеги мекендештерден сырткары АКШ, Иордания, Сингапур, Сауд Аравиясы, Германия, Корея, Камбоджа, Пакистан, Бахрейн, Мальдивдеги жарандар кайтып келген. Алар Дубайга чейин "Emirates airlines" компаниясынын каттамы менен келип, кайрадан “”Fly Dubai” компаниясынын рейсине түшүшкөн.

Жүргүнчүлөр каттоого чейин коронавирустук инфекцияга карата экспресс-тест тапшырып, баары таза чыкканы айтылат.

Белгилей кетсек, Дубай — Бишкек каттамы боюнча кийинки рейстер 31-июлга пландаштырылган. ТИМ мекендештер авиабилеттерди сатып алуудан мурда Дубайга транзиттик каттамды жүргүзгөн авиакомпания менен байланышып, учарга чукул көйгөй жаратчу маселелерди тактап алуусун суранды. Маселен, аталган шаардын аэропортунда транзиттик жүрүү Бишкек шаарына учканга чейин 24 сааттан ашпашы керек.
Чет мамлекеттерде жүргөндөрдү Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер уланып жатканы кошумчаланды.

ТИМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх