Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандагы банктардын бирикмеси 6 даана жасалма дем алдыруучу аппарат, 100 даана кычкылтек концентратору жана 1000 пульсоксиметр тапшырды.

Бул гум  жардам “Семетей” обсервациясына жана башка медицина уюмдарына таратылат

Бүгүн, 2020-жылы 27-июлда, Кыргызстандагы банктардын бирикмесине мүчө 10 финансылык уюм КР Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам көрсөтүштү. Жалпы наркы 10 миллион сомго барабар болгон аманатты министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов кабыл алды.

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн 6 даана жасалма дем алдыруучу аппарат, 100 даана кычкылтек концентратору жана 1000 пульсоксиметр тапшырылды.

Өз сөзүндө КР Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы гуманитардык жардам көрсөткөн финансылык институттардын өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

“Бул колдоо өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуп турганда, өз учурунда берилип жатат. Кабыл алынган аманат - коронавирус инфекциясы жана пневмония менен күрөшүүдө зарыл болгон медициналык жабдуулар болуп эсептелет. Биз аны “Семетей” обсервациясына жана башка медицина уюмдарына таратып беребиз”-, деди Калысбек Шадыханов.

Колдоо көрсөткөн финансылык институттардын атынан сүйлөгөн Кыргызстандагы банктардын бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев – бул апаатты биримдикте гана жеңе алабыз дейт.

Анвар Абдраев: “Финансылык институттар бул гуманитардык жардамды тапшырууга июль айынын башынан бери ниеттенип жүрүшкөн. Алар биримдикте топтогон каражатка муктаж медициналык жабдуулар алынып, бүгүн КР Саламаттык сактоо министрлигине тапшырып жатабыз. Банктар бирикмесине мүчө уюмдар буга чейин дагы жардам көрсөтүп келишкен. Мындан ары дагы колдоо көрсөтө бермекчибиз”-, деген пикирин билдирди.

Банктар бирикмеси кызматы

Фото Кыргызстандагы банктар союзу

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх