Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Инфекциялык бөлүм Бишкектеги "Суворов" окуу жайынын имаратына 130 орундуу стационар ачып берди

Эки жума аралыгында 292 пневмония менен ооруган жана бөйрөгүнөн жабыркагандар жаткырылган, алардын 192си айыгып чыгышты

2020-жылдын 11-июлунда  Бишкектеги “Суворов” училищасынын имаратына 130 орундуу стационардык бөлүм даярдалды.
Ал жерде COVID-19 жана пневмония ооругандар , шектелгендер медициналык жардам ала алат.
Ал жакта 14 күн бою күнү түнү тынбаган врачтар жана КММА студенттери кызматта болду.
16 июлда ал жакта ачылган стационар менен биргеликте «Диамед» гемодиализдик борбору 2 гемодилиздик аппараты менен бөйрөгүнөн жабыркаган адамдарга жардам көрсөттү.
2020-жылдын 11-июлдан 25 июлга чейин Суворов окуу жайынын стационарында «ЭжБКУБ» башчысы Узакбаев К.А. нын көзөмөлүндө 70 медициналык кызматкерлер эмгектеништи.
Азыркы күндө ал медициналык топтун нөөмөтү алмашып, «ЭжБКУБ» педиатр врачтарынын экинчи тобу кызмат өтөшөт.

КР САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН басма сөз кызматы

фото КР САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх