Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубатбек Боронов: коронавируска каршы күрөшүүгө багытталган объектилердин курулушун мөөнөтүндө аяктоо зарыл

Социалдык, өзгөчө коронавируска каршы күрөшүүгө багытталган объектилердин курулушун мөөнөтүндө аяктоо зарыл

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов объекттердин капиталдык курулуш долбоорлору маселеси боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде билдирди.


Өкмөт башчы бул социалдык жана инфраструктуралык объекттердин курулушунун сапатын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«COVID-19га каршы күрөшүү чараларынын алкагында 9 объектте курулуш иштери жүрүүдө. Алар Бишкек жана Ош шаарларында эки оорукананын курулушу, ошондой эле республиканын 7 облусунда багыты өзгөртүлүп, бейтапканага ыңгайлаштыруу боюнча иштер. Мен бардык курулуш иштери белгиленген мөөнөттө – 1 айдын аралыгында аяктоосу зарыл экенин баса белгилегим келет. Тармактык мамлекеттик органдарга сапат жана өз учурунда бүткөрүү боюнча катуу талап коём. Мындан тышкары Финансы министрлиги медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн жетиштүү деңгээлдеги каржылоону камсыз кылуу шарт», - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр авариялык абалда деп чечим чыгарылган мектептердин жаңы имараттарын куруу маселесине токтолду.

«Бул маселеден улам айрым калктуу конуштарда мектеп окуучулары чатырларда же контейнерлерде окууга туура келди. Ошондуктан жалпы билим берүү жайларынын курулуш иштерин айтылган мөөнөттө аяктоо зарыл. Белгиленген график боюнча, 2020-жылдын октябрь айына чейин ар бир райондун борборунда 3 чакырым жолго асфальт төшөлүүгө тийиш, ошондой эле «Таза Суу» программасынын жана ирригация системасынын алкагындагы объекттердин курулушун улантуу керек», - деди Кубатбек Боронов.

Кеңешменин соңунда Саламаттык сактоо жана Финансы министрликтерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине бир катар тапшырмалар берилди.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх