Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

21 жаштагы Айтурган Бишкектен изделип жатат. Кыз Ош шаарынан дайынсыз жоголгон.

Белгилери: бою 160-165 см, чачы 30-35 см, көздөрү күрөң, жайкы кийимчен

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР, ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ! 21 ЖАШТАГЫ АЙТУРГАН ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛДУ
Четверг, Июль 30 2020 Жаңылыктар mvd
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан Ош шаарында жашаган 1999-жылдын 6-августунда туулган Омурбекова Айтурган Омурбековна изделип жатат.


ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча, 2020-жылдын 5-июль күнү болжол менен 20:00 чамасында үйдөн чыгып кетип, кайра келген эмес. Азыркы учурда анын кайда экендиги белгисиз, бирок айрым маалыматтар боюнча ал Бишкек шаарынын аймагында жүрүшү мүмкүн.
Белгилери: бою 160-165 см, чачы 30-35 см, көздөрү күрөң, жайкы кийимчен.
А.О. Омурбекова кайда жүргөндүгү жөнүндө кандайдыр-бир маалыматтарды билсеңиздер милицияга төмөнкү номурларга билдирип коюңуздарды суранабыз: 0551 040202, 0707 040202, 0556566184 же ИИМдин КМКнын нөөмөт бөлүгү 0312 266261.

ИИМдин Басма сөз кызматы
ФОТО ИИМдин Басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх