Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек ЖЭБи кышкы сезонго даяр

1 августтан тарта соц. өнүтүрүү башкармалыгында катталган муктаж адамдарга отундар таратыла баштайт

Калаабыз 2020-2021 күзгү-кышкы сезонго даярдыгы боюнча артта калган жок. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.


Муниципалитетте шаардык штабдын,  шаардык инженержик кызматтын жетекчилери жана райондун акимдери катышкан жыйын болуп өттү.
Вице-мэр Мирлан Амантуров саламаттыкты сактоо объектилери, жалпы билим берүү борборлору, бала бакчалар жана башка соц обьектилердин жылуулук берүү боюнча кышка даярдыгы боюнча маалыматка  өзгөчө көңүл бөлдү. Ремонт иштерин аяктоого тапшырма берди. 
Эске сала кетсек Бишкек мэриясы тарабынан билим берүү борборлору, бала бакчалар жана башка соц обьектилерди ремонт жасоо пландалган. Булар 54 билим берүү борборлору: 38 мектеп, 14 бала -бакча, 2 балдарды чыгармачылык өнүктүрүү борбору.
1 августтан тарта соц. өнүтүрүү башкармалыгында катталган муктаж адамдарга Бишкек шаарынын жашылдандыруу муниципалдык ишканасы тарабынан отундар таратыла баштайт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Фото Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх