Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын медицина кызматкерлери июль айынын айлык маянасын толук алышат

Акыркы суткада күндүзгү стационарларга кайрылгандардын саны 1 миң 339 адам болду

Бүгүн вице-мэр Виктория Мозгачева шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жетекчилери менен кеңешме өткөргөн.

Бишкекте иштеп жаткан медицина кызматкерлерине июль айынын айлык маянасы толугу менен төлөнүп берилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн вице-мэр Виктория Мозгачева шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жетекчилери менен кеңешме өткөрдү 

"Айлык толугу менен берилет. Ал үчүн керектүү документтер Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкектеги башкармалыктарына жөнөтүлгөн. Бул айда саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлеринин айлыгы 171,3 миллион сомду түздү. Ал эми коронавирус менен күрөшүп жаткандарга берилчү компенсациянын көлөмү 133, 9 миллион сом болду", — деп айтылат маалыматта.

 

Акыркы суткада күндүзгү стационарларга  1 миң 339 адам кайрылган. Анын 911и дарыланып, 8 адам дарыгерден  кеңеш алды
 

Бишкек мэриясы дагы врачтарды обсервацияга иштөөгө чакырат.Толук маалыматты телефон аркылуу ала аласыздар0(500)848848 (Тина-Тансуу).

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Фото www

 

 

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх