Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Беларусия жана башка Европа өлкөлөрүнөн Бишкекке 137 Кыргызстандык жаран учуп келди

Беларусия, Украина, Австрия, Германия, Литвы, Италия, Польша, Швеция жана Финляндия өлкөлөрүнөн Кыргызстандын жарандары учуп келишти

Беларусия жана башка мамлекеттерден «Avia Traffic Company» авиакомпаниясынын учагы менен Кыргызстандын 137 жараны Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдириди

 

Чартердик рейс чет мамлекеттердеги  биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР президентинин жана өкмөттүн тапшырмасын негизинде жүргүзүлгөн.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Украинадагы КР Башкы консулдугуна келип түшкөн Европа аймактарында жашаган КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлүп, алардын ичине төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар  жарандар: оор илдеттери барлар, жакында эле Европа өлкөлөрүнө клиникаларда хирургиялык операция жасаткандар, оор турмуш кырдаалдарына кабылган жарандар Европа аймактарындагы ЖОЖдорунда окуган студенттер кирди.

 


КР ТИМ басма сөз кызматы
WWW фото

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх