Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Министрликтин айтын эсеп счетуна баардыгы 17 000 000 сом түштү

1млндой гана калды,  калган каражат турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн таратылды

КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган депозиттик эсеп ачылган күндөн тартып баардыгы 17 427 047 сом түшкөн. Бул каражаттан турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн акчалай каражаттарды бөлүштүрүү Комиссиясынын чечими менен:

2020-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясына – 792 500,00 сом;

2020-жылдын 9-апрелинде Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө бөлүнгөн 3 587 496,00 сом;

2020-жылдын 16-апрелинде Нарын шаарынын Мэриясына – 1 000 000,00 сом;

2020-жылдын 16-апрелинде Жалал-Абад шаарынын мэриясына – 1 000 000,00 сом;

2020-жылдын 16-апрелинде Ош шаарынын мэриясына 4 000 000,00 сом;

2020-жылдын 16-апрелинде Сузак райондук мамлекеттик администрациясына – 2 000 000,00 сом;

2020-жылдын 16-апрелинде Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына – 1 000 000,00 сом;

2020-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарынын Мэриясына – 2 760 000,00 сом бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө эсепте калган сумма 1 287 051 сом 80 тыйынды түзөт.

Эсепке которууларды мамлекеттик жана жеке компаниялар, кайрымдуулук жана коомдук уюмдар жүргүзгөн.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана өнүктүрүү министрлиги басма сөз кызматы

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх