Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

6-август: Кыргызстанда 549 адамдан коронавирус менен пневмония аныкталды

Илдет 9 адамдын өмүрүн алды

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 549 адамдан коронавирус менен пневмония аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымдады.

- Бишкекте - 162, Ошто - 81, Чүй облусунда - 38, Ош облусунда -71, Талас облусунда -36, Нарын облусунда 12, Ысык-Көл облусунда - 45, Жалал-Абад облусунда - 44, Баткен облусунда -60 адамдын илдетти жуктуруп алганы аныкталган. Алардын 37си -медициналык кызматкерлер.

Тогуз адам көз жумду: Бишкекте 5, Ош облусунда 2 жана Баткен облусунда бир бейтап. Эпидемиянын башынан бери коронавирус 1 миң 447 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

Өткөн сутка ичинде 589 адам айыгып ооруканалардан чыгышты.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх