Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айдоочулук күбөлүктөрдү жана мамлекеттик каттоо белгилерин калыбына келтирүү үчүн эми ЖКККББнын тактама кагазы талап кылынбайт

Жол кыймылы башкармалыгынын демилгеси менен өкмөт тарабынан аталган жол-жоболор жөнөкөйлөтүлдү

Кыргыз Республикасынын ЖКККББнын демилгеси менен жоголгондордун ордуна жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү берүү, ошондой эле автотранспорт каражаттарынын жоголгон же уурдалган мамлекеттик каттоо белгилерин калыбына келтирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында 2020-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн токтому менен кийинки өзгөртүүлөр киргизилди:
- Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомунун 61-пунктунун сегизинчи абзацы «Автотранспорт каражатынын каттоо белгиси жоголгон жери боюнча же автотранспорт каражатынын жайгашкан жери боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан берилген маалым каттын» жокко чыгарылды;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтомунун 46-пункту «Айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда ушул Эрежелердин 43-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылбагандыгы жөнүндө маалымкаты берилет» жокко чыгарылды.

Тагыраак айтканда айдоочулук күбөлүктөрдү жана мамлекеттик каттоо белгилерин калыбына келтирүү үчүн жол кыймылынын коопсуздугу багатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактама кагазы талап кылынбайт.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, жол кыймылынын бардык катышуучуларына, жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана бузбоого чакырат!!!

КРнын ИИМнин ЖКККББнын басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх