Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Самат Дөлөтбаков Артур Цветковго : Кыргызстандыктардын алдында кечирим суроого чакырам. (видео)

Ырчы теле алып баруучунун эл алдында жүргөн  деңгээлге жете элек экенин айтты

Ата Мекендик ырчы Самат Долотбаков Россиянын теле алып баруучусуна Кыргызстандын ашпозчусун коркутуу боюнча кайрылуу жасады. Бул тууралуу өзүнун Facebook. баракчасына видео жарыялады.

« Урматсыз Артур Цветков, менин видео кайрылуум сизге багытталат. Кантип сиз маданияттын өкүлүсүз? Сизге караганда биз маданияттууракпыз. Мен коомдук жайларда өзүмдү антип алып жүрбөйм. Бүгун биз Кыргызстандыктар сиздин катышууңуздагы жагымсыз окуяны көрдүк.

Сиздин сөзүңүз :«А сен мени билесинби? » - элдин жогорку катмарындагы адам экенинизди тастыктабайт. Биз улуу адамдарга сен эмес, сиз деп кайрылабыз. Бул маданияттын жогорку чегин көрсөтөт.

Милиция кызматкерлери келгенде биздин жердешибиз өзүнүн маданияттуулугун көрсөтүп тынч жооп берип жатты. Ал эми сиз болсо маданиятсыз болуп сөгүнүп жаттыныз. Кантип өзүнүздү маданияттын өкүлү,кызматкери катары көрсөтөсүз?
Сиз ал адамды депортация кылам деп коркутуп жаттыныз. Сиз анчалык кимсиз?  Кыргызстандыктардын жана ошол адамдын алдында маданияттуу кечирим суроого чакырам.», -дейт Дөлөтбаков.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх