Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын Саламаттык сактоо министрлигине жети тез жардам унаасын белекке берди

Мурда  4 ИВЛ аппараты, 10 миң медициналык беткап, 2 миң респиратордук беткап, 100 миң кол каптар берилген

2020-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында Эл аралык NAMA уюмунун демөөрчүлүгү менен жети тез жардам унаасы КРнын саламаттык сактоо министрлигинин балансына өткөрүлүп берилди. Заманбап жана акыркы медициналык технологиялар менен жабдылган жети тез жардам унаалары атайын заводго буюртма менен сатып алынган. Алардын экөөсү портативдүү ИВЛ, дефибриллятор, ЭКГ апараттары менен жабдыкталып реанимобиль стандартына ылайыкташтырылып берилүүдө.

Унааларды тапшыруу аземине КРнын вице-премьер-министри Аида Исмаилова, Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, “Ассанабил” ККФнун президенти Саид Баюми ж.б. коноктордун катышуусу менен өттү. «COVID-19 программасынын алкагындагы бүгүнкү долбоорду ишке ашыруу максатында буга чейин министрлик менен фонддун ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Меморандумга кол коюлган. Кыргыз элине «Ассанабиль» коомдук кайрымдуулук фонду жасап жаткан көптөгөн кайрымдуулук иштери менен белгилүү. Бүгүнкү күндө да «Ассанабиль» коомдук кайрымдуулук фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өлкөдө коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө жакындан көмөк көрсөтүү максатында эл аралык NAMA уюмунун демөөрчүлүгү менен 7 тез жардам автоунаасын Саламаттык сактоо министрлигине тапшырууда. Урматтуу Саид Баюми жана Мухаммед Абделькарим мырзаларга кыргыз элинин жана министрликтин атынан терең ыраазычылык билдирем. Элибиздин ден соолугун чыңдоо жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү максатында мындан ары да тыгыз кызматташууну улантуу тилектештигин билдирем»,- деди өз сөзүндө саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Эскерте кетсек, “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду Ала-Тоо өнүктүрүү жана NICE Кыргызстан NAMA уюму менен биргеликте Covid-19 илдетине каршы түзүлгөн программанын негизинде саламаттык сактоо тармагына 4 ИВЛ аппараты, 10 миң медициналык беткап, 2 миң респиратордук беткап, 100 миң кол каптар берилген.

 

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

ФОТО  КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх