Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара- суу районундагы күйдүргү ооруусу (сибирь жарасы). Жергиликтүү бийлик мал союуга, той өткөрүүгө 25-августка чейин тыюу салды.

Коркунучтуу илдет чыккан жер карантинге алынды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында сибирь жарасы жайылып кетпеш үчүн жергиликтүү бийлик  25 августка чейин массалык той топурларды өткөрүүгө, мал союуга тыюу салды. Бул тууралуу жергиликтүү акимдин орун басары Мехринса Жороева Vesti.kg сайтына билдирди .

- Ал айылда эки мал союлуп ооруу жайыла баштаган. Жыйынтыгында 8 адамдан ооруу шектелип бейтапканага жаткырылган. Бир адамдын анализинен он жыйынтык көрсөткөн. Ал жерде Ветеринардык башкармалык, Санэпидемстанция иш алып барып жатат. Айыл 25-августка чейин карантинге алынды

Медина Купсулдаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх