Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Октябрь районунун акими ырчылар Анжелика Кайратова, Бактыгүл Бадиева жана башка жарандарга COVID-19 менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди

Шаар бийлиги ыктыярчыларга баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирди

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда жана ыктыярчылар COVID-19 менен күрөшүүдө баа жеткис салым кошушат.

Пандемия убагында а көрсөткөн колдоосу үчүн Бишкек шаарынын Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев төмөнкү жарандарга ыраазычылыгын билдирди:

1. Бактыгүл Бадиева, ырчы;

2. Анжелика Кайратова, ырчы;

3. Алтынай Нарбаевоу, "Апам Жана Мен" кайрымдуулук фондунун жетекчиси

4. Даткайым Кенешов;

5. Данияр Джолдошев;

6. "Жаштар демилге борбору" коомдук бирикмесинин жамааты;

7. "Ротари Клуб Бишкек" командасы;

8. "Кыргызстандын ыктыярчылары" командасы;

9. "Тунгуч жылыгы" командасы.

Бишкек шаарынын мэриясы жана Октябрь райондук администрациясы бардык шаар тургундарына шаар үчүн жана өлкө үчүн ушундай оор мезгилде калбаганы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Чоң рахмат!

Бишкек шаардык мэриясы
Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх