Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дагы 232 Кыргызстандын жараны Москвадан мекенине кайтты

Алар «Уральские Авиалинии» авикомпаниянын рейси менен учуп келишти

Бүгүн, 2020-жылдын 18-августунда, Москва-Бишкек каттамы боюнча «Уральские Авиалинии» компаниясынын учагы менен Кыргыз Республикасынын 232 жараны учуп келген,  анын ичинде жаш балдар дагы келген.

Борттогу орундардын чектелгендигине жана Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын көптүгүнө байланыштуу, бул рейсте жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Элчиликтин кызматкерлеринен, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн жана КР караштуу  Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан комиссия  түзүлгөн.

Тандоо, мурдагыдай эле, гуманитардык критерийлерге ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Тактап айтканда, рейсте Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, кош бойлуулуктун аягында жана кичинекей балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине шашылыш кайтып келүү үчүн олуттуу себептери бар жарандар, мисалы: катуу оорулар, акыркы операциялар, жакындарынан айрылуу жана башка оор турмуштук жагдайлар бар жарандар келеген.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаменти
photo www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх