Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошко Москвадан 245 Кыргызстандын жараны учуп келди

Алар мекенине «Уральские Авиалинии»  рейси менен учуп келишкен

Бүгүн 19-августта Москва-Ош каттамы боюнча Урал аба жолдорунун рейси Кыргызстанга 245 жаран менен учуп келген, анын ичинде жаш балдарда бар.

Учакта орундардын чектелгендигине жана Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын көптүгүнө байланыштуу, бул рейсте жүргүнчүлөрдүн тизмесин Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, элчиликтин кызматкерлери, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн  турган комиссия түздү.

Тандоо, мурдагыдай эле, гуманитардык критерийлерге ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Тактап айтканда, рейсте Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, кош бойлуулар  жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине шашылыш кайтып келүү үчүн олуттуу себептери бар жарандар, мисалы: катуу оорулар,  операция болгондор, жакындарынан айрылуу жана башка оор турмуштук жагдайлары бар жарандар .

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаменти
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх