Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү уюмдарынын усулчуларына вебинар уюштурулду

Усулчулар Билим берүү министрлигинин адистеринен аралыктан окутуу боюнча суроолоруна жооп алышты

Билим берүү жана илим министрлиги облусттук билим берүү борборлорунун, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн усулчуларына календарлык-тематикалык пландарды түзүү боюнча вебинар өткөрдү.

Вебинарда бекитилген видеотемаларга негиздеп ар бир предмет боюнча календарлык-тематикалык пландарды (КТП) түзүү, аралыктан окутуунун оптималдуу усулдарын мектептерде уюштуруу боюнча сунуштар, түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле сабактардын жадыбалын түзүүдө телесабактарды эске алуу тууралуу сунуштар айтылды.

Усулчулар аралыктан билим берүүгө байланыштуу суроолоруна министрликтин тиешелүү адистеринен жооп ала алышты.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган “Санарип мугалим” бир айлыгынын алкагында мектепке даярдоо, мектепке чейинки жана мектепте билим берүү багыттары боюнча түрдүү иш-чаралар үзгүлтүксүз уюштурулат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх