Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте быйыл биринчи жолу вело жарыш өтөт

Коопсуздук үчүн велосипед тилкесинин ичинде 1,5-2 метр аралык сакталат, велосипедчилерди үч МАИ унаасы коштоп жүрөт

Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды ушул жылдын 30-августунда эртең мененки 9да өтө турган биринчи велосипед жарышына чакырат

Жарыш жаңы "Адинай" паркынын түндүк тарабынан башталат, андан соң велосипедчилер Ч.Айтматов проспектисинен "Орто-Сай" айылына чейин аттанып чыгышат, ошол жерден кайрадан  Байтик Баатыр жана  Токомбаев көчөлөрү менен  кайтып келишет . Айланма жолдун узундугу 10 чакырымды түзөт.

Шаардыктардын коопсуздугу үчүн велосипед тилкесинин ичинде 1,5-2 метр аралык байкалат, велосипедчилерди үч МАИ унаасы жана бир тез жардам унаасы коштоп жүрөт.

Урматтуу айдоочулар! Бир тарапта жүрүүчү бөлүк унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай чектелет, жол велосипед тилкесинен өткөндөн кийин дароо ачылат.

Маанилүү! Велосипедчилер шлемди жана башка коргоочу шаймандарды кийиши керек, аларсыз жүрүү оюнга  катышууга  тыюу салынат. Ошондой эле, маскалар жана антисептиктер жөнүндө унутпаңыз.

Урматтуу жарандар, велосипед сүйүүчүлөр! Биз бардыгын күтөбүз! Чогултуу орду: М.Гшлиссер көчөсү,  Адинай паркынын түндүк тарабында унаа токтотуучу жай.

Бишкек шаардык мэриясы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх