Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвадан Ош шаарына 191 Кыргызстандык учуп келди

Жүргүнчүлөрдү тандап алуу  Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү

Бүгүн, 21-августта "Сибирь" авиакомпаниясынын учагы менен  Москва-Ош каттамы аркылуу Кыргыз Республикасынын 191 жараны учуп келди, анын ичинде жаш балдар да бар.

Учакта орундардын чектелгендигине жана Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын көптүгүнө байланыштуу, бул рейсте жүргүнчүлөрдүн тизмесин Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, элчиликтин кызматкерлери, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия түздү.

Тандоо Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке арыздарынын негизинде, гуманитардык критерийлерге ылайык жүргүзүлдү. Тактап айтканда, рейсте кош бойлуулар жана  жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине шашылыш кайтып келүү үчүн олуттуу себептери бар жарандар, мисалы: катуу оорулар, жакында операция болгондор, тууган-туушкандарынан айрылуу жана башка оор турмуштук жагдайлар бар адамдар бар .

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаменти
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх