Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда социалдык мейкатон онлайн форматта өтөт

Бул чыгармачыл аянтча, анда жаш активисттер инновациялык жана социалдык багыттагы идеяларды издөө  үчүн биригишет

24-августтан 10-сентябрга чейин социалдык мейкатон онлайн түрүндө  өтөт . Мейкатондун уюштуруучусу Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү дебаттар  ассоциациясы (IDEA CA).

Социалдык мейкатон  - бул жаш активисттер инновациялык жана социалдык багыттагы идеяларды издөө үчүн чогулган чыгармачыл аянтча.Негизги маңызы, процесстин өзүндө, анда стандарттык ой жүгүртүүнүн чегинде калбоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

 

Иш-чаранын максаты - жаштар кандай тоскоолдуктардан өтпөсүн, өз айылдарында жана шаарларында социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издеши үчүн чыгармачыл ой жүгүртүүгө шарт түзүү. Ошентип, жаштар курчап турган дүйнөнү өзгөртө аларын көрсөтүшөт.

Нарын облусунун жаштары (Нарын шаары, Кочкор, Кош-Дөбө жана Кум-Дөбө айылдары), Сузак районунан (Барпы, Кара-Алма, Көк-Арт, Көк-Жагак айылдары) жана Базар-Коргон районунан ( Арстанбап, Акман, Бешик-Жон жана Сейдикум айылдары).

Мейкатон эки жума бою онлайн режиминде өткөрүлөт жана ар бир адам мейкатондун жүрүшун  ideaca.today сайтынан көрө алат.

Иш-чара "Демилгел Жаштар" долбоорунун алкагында өтүүдө. Долбоордун максаты - Кыргыз Республикасындагы экономикалык иш менен камсыз кылуу жана жаштардын жарандык катышуусун жогорулатуу.

Мейкатон  жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн 0 559 56 65 69 номерине чалыңыз (Бактыяр Бердибеков).

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх