Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: Кыргызстанда коронавирус боюнча абал турукташты

Дарыгерлер инфекцияны жуктургандардын саны  кыскарып жаткандыгын байкап жатышат. Бир суткада  инфекцияны жуктуруп алгандардын саны 119 адам болду

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы басаңдады. Бул туурасында брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Бүгүнкү күндө биз кырдаалды көзөмөлдөй  алганыбызды  расмий түрдө жарыялай алабыз" деди ал. - Акыркы жумаларда COVID-19 үчүн жүргүзүлгөн 8 миңден ашык тесттердин 4,7 пайызы гана оң натыйжа берди. ДССУнун стандарттарына ылайык, эгерде бул көрсөткүч 5 пайыздан төмөн болсо анда эпидемия көзөмөлдө.

Каратаев кошумчалагандай, 100 миң кишиге туура келген учурлардын саны азайгандыгы, ооруп калуунун азайгандыгын  билдирет.

"Мурда Бишкекте 100 миң калкка 47 адам жуккан болсо, бүгүнкү күндө 23 гана", - деп түшүндүрдү ал. - Көрсөткүчтөр эки эсеге азайган. Бирок кырдаалдын начарлап кетишине жол бербешибиз керек.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда COVID-19 жана пневмониянын 119 жаңы учуру катталды.

Алардын ичинен Бишкек шаарында - 15, Ошто - 8, Чүй облусунда - 4, Ош облусунда - 15, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 12, Жалал-Абад облусунда - 39, Баткен облусунда - 19 адам ... Алардын арасында 9 медициналык кызматкер бар.

Бир күндүн ичинде 310 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Акыркы бир күндө Кыргызстанда коронавирустан  көз жумган катталган жок.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх