Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 26-августка карата  коронавирус жана пневмония менен 113 жаңы учур катталды

Акыркы бир суткада COVID-19 бир адамдын өмүрүн алды

Кыргызстанда 26-августка карата  коронавирус жана пневмония менен 113 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысынын орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Алардын ичинен:

Бишкек шаарында - 42, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда - 8, Ош облусунда - 8, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 16, Жалал-Абад облусунда - 17, Баткен облусунда - 21 адам ...

Алардын арасында 9 медициналык кызматкер бар.

Баардыгы болуп ушул күнгө чейин  Кыргызстанда коронавирустун 43 358 учуру катталган.

Бир суткада  292 бейтап коронавирустан айыгып  ооруканалардан чыгарылды.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 бир адамдын өмүрүн алды 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх