Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги бала бакчалардын жетекчилери мектепке чейинки билим берүү системасындагы инновациялык чечимдерди талкуулашты

Күн тартибинде беш доклад каралды

Шаардык лицейлердин биринин базасында август айында бала бакчалардын жетекчилери үчүн "Маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды колдонуп балдарды колдоо боюнча бала бакча жетекчилеринин кесиптик жана жеке компетенциялары" деген тегерек стол болуп өттү.

Күн тартибинде беш доклад каралды:

МКТ (маалыматтык коммуникациялык технологиялар) колдонулган балдарды колдоо боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын  жетекчилеринин кесиптик жана жеке компетенциясын калыптандыруу;

Мектепке чейинки билим берүүнү рационалдаштыруу үчүн КТ(компьютердик технологияларды) жана МКТны колдонуу. Окуучуларга багытталган интерактивдүү билим берүү чөйрөсүн КТ колдонуу менен уюштуруу;

Мектепке чейинки балдарды инклюзивдик билим берүүдө заманбап технологияларды колдонуу;

Баланын таанып-билүүчүлүк, социалдык-эмоционалдык өнүгүүсү максатында сабактарды уюштуруунун инновациялык формалары;

Балдарды аралыктан окутуу маселелеринде үй-бүлөнүн, коомчулуктун жана мугалимдердин өз ара аракеттенүүсү.

Август бөлүмүнүн ишинин жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды.

Бишкек шаардык мэриясы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх