Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Октябрь" кинотеатрынын аймагындагы антисанитардык шарттар. Маданият министрлиги эскертүү алды

Бишкекте санитардык рейддер улантылууда

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда тазалык жана тартипти, көрктөндүрүү эрежелерин, ошондой эле пандемия учурунда санитардык талаптарды бузгандар менен күрөшүүнү улантууда.

Кезектеги текшерүүдө Эркиндик бульвары 35 дарегинде жайгашкан Bootcamp компьютердик клубу жабылды. Ал иштөөгө уруксат берилбегендигине карабастан, өз ишин улантып, кардарларды кабыл алып келген. Оюн-зоок клубу калаада эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин жабылып, «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293 беренеси боюнча протокол түзүлдү.

Санитардык эрежелерди 7-апрель көчөсүндө жайгашкан «Сый-Ордо» кафеси, «Чыгыш-5» кичи районундагы «Ванкувер» компаниясынын бильярд клубу бузуп, аларга «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293 беренеси боюнча протоколдор түзүлдү.

СЭИ «Октябрь» кинотеатрынын айланасына көптөн бери санитардык тазалоо жүргүзүлбөгөндүгүн, таштандыга толгондугун аныктап, КРнын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Кинематография департаментине бузууларды четтетүү эскертүүсүн берди.

Санитардык рейддер улантыла бермекчи.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч, санитардык эрежелерди сактаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы дайыма байланышта: 558 588 840.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Бишкек шаардык мэриясы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх