Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө белгилүү бир жумуш аткаргандыгы үчүн тамак-аш берүүнү ойлоп табышты

Жолдорду жана каналдарды куруу үчүн май жана ун алууга болот

Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө колдоо көрсөтүү максатында, Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте 2018-2022-жылдарга карата “жумуштун ордуна тамак-аш” долбоорун ишке ашырууда.

2020-жылдын 1-июлуна карата 519 инфраструктура, билим берүү жана киреше алып келүүчү долбоорлор ишке ашырылып, анын алкагында 63,4 миң адам (же 12,4 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр) азык-түлүк жардамын (ун жана өсүмдүк майы) алышты. Жалпысынан долбоордун алкагында 2041 тоннага жакын азык-түлүк жардамы таратылды.

Тамак-аш аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө белгилүү бир көлөмдөгү жумуштарды аткаргандыгы үчүн берилген (жолдорду, каналдарды, ичүүчү суу тутумдарын куруу, социалдык объектилерди оңдоо ж.б.).

Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх